Тема: Менин үйүм. Боз үй

Мой дом. Юрта

Тема: Менин үйүм. Боз үй - student2.ru 1-көнүгүү: Сүрөттү карап, сызыкчанын ордуна керектүү сөздөрдү койгула жана кайсы бөлмө экенин тапкыла:

Тема: Менин үйүм. Боз үй - student2.ru

жатак бөлмө конок бөлмө

Бул бөлмө чоң жана жарык. Көчөгө караган ________ бар. Терезенин жанында ________, анын үстүндө ________ турат. Анын үстүндө календарь илинип турат. Сол жакта ________ турат. Бурчта ________ бар. Жерде ________ салынып турат. ________ илинип турат.

  ГРАММАТИКА     СӨЗ ЖАСООЧУ -луу мүчөсү СЛОВООБРАЗУЮЩИЙ аффикс -луу   Тема: Менин үйүм. Боз үй - student2.ru  
Зат атооч + -луу (л**) = Сын атооч
Зат атооч Аффиксы Сын атооч
Основа на гласную «-р» и «й» -луу, -лүү Бала+луу = балалуу
Основа на звонкую согласную -дуу, -дүү Акыл+дуу = акылдуу
Основа на глухую согласную -туу, -түү Кабат+туу = кабаттуу

Мисалдар:балалуу аял акылдуу бала

Терс формадагы -сыз мүчөсү

Аффиксотрицательной формы -сыз

Зат атооч + -сыз (с*з)
Зат атооч Аффиксы Сын атооч
Все существительные -сыз -сиз -суз -сүз Бала+сыз = баласыз Эрк+сиз = эрксиз Суу+суз = суусуз Жүрөк+сүз = жүрөксүз

Мисалдар: оокатсыз үй баласыз аял

Тема: Менин үйүм. Боз үй - student2.ru СҮЙЛӨШҮҮ ПРАКТИКАСЫ ПРАКТИКА РЕЧИ  

2-көнүгүү:Төмөнкү сүйлөмдөрдү окуп -луу, -сыз мүчөлөрүнүн астын сызгыла:

1) Мен көп кабаттуу үйдө жашайм.

2) Бул кыз абдан сымбаттуу.

3) Ал уятсыз киши.

4) Кыргызстан көп улуттуу өлкө.

5) Казахстан суусуз, талаалуу жер.

3-көнүгүү:Төмөнкү зат атоочторго -луу, -сыз мүчөлөрүн улап жазгыла:

Токой _____ жер, мал _____ киши, эки кабат_____ үй, уят_____ жигит, суу_____ өрөөн, тоо_____ өлкө, ыйман_____ келин, күч_____ адам, даам_____ тамак.

4-көнүгүү:Сызыкчанын ордуна кашаадагы тиешелүү сөздөрдү жазгыла:

Мен азыр шаарда ________. Мен сабактан кийин үйгө ________. Мирбек айылда ________. Биздин айыл тоонун жанында ________. Шаардын четинде ________ үйлөр көп.

(барам, жашап жатам, жайгашкан, менчик, жашайт)

5-көнүгүү:Сүрөттөрдү карап чакан текст түзгүлө:

Тема: Менин үйүм. Боз үй - student2.ru Тема: Менин үйүм. Боз үй - student2.ru

Көнүгүү:: Сүрөткө тиешелүү сөздөрдү койгула жана жаттагыла

1. муздаткыч

Тема: Менин үйүм. Боз үй - student2.ru 2. сын алгы

3. DVD

4. аудиоплейер

5. кир жуугуч

6. музыкалык борбор

7. компьютер

8. чаң соргуч

9. үтүк

10. лампочка

11. калькулятор

12. газ плитасы

13. идиш-аяк жуугуч машине

Тема: Менин үйүм. Боз үй - student2.ru Тема: Менин үйүм. Боз үй - student2.ru Тема: Менин үйүм. Боз үй - student2.ru Тема: Менин үйүм. Боз үй - student2.ru

7-көнүгүү:Сүйлөмдөрдү окуп, которуп, жатыш жөндөмөсүнүн мүчөлөрүнүн астын сызгыла:

1) Биздин үйдө 70 батир бар.

2) Менин батирим экинчи кабатта.

3) Жатак бөлмөнүн ортосунда чоң керебет турат.

4) Жерде килем салынып турат.

5) Дубалда сүрөт илинип турат.

8-көнүгүү:Текстти окуп, суроолорго жооп бергиле:

Менин бөлмөм

Менин бөлмөм чоң. Бөлмөдө эки чоң терезе бар. Ошондуктан бөлмөм жарык. Терезеде көгүш парда илинип турат. Жерде боз килем салынып турат. Оң жакта диван, сол жакта пианино турат. Терезенин жанында үстөл турат. Үстөлдүн үстүндө компьютер бар. Дивандын жанында кийим турган шкаф турат. Мен күнүгө бөлмөмдү жыйнайм, чаңды сүртөм, полду сүртөм.

Тема: Менин үйүм. Боз үй - student2.ru Сөздүк:

жарык – светлый килем – ковёр

таза – чистый диван – диван

парда – шторы ортосунда – посередине

илинип турат – висит жыйна – убираться

жер – пол боз – серый

көгүш – голубой сүрт – протирать, вытирать

жуу–мыть

1) Бөлмөдө канча терезе бар?

2) Бөлмө кандай?

3) Парда кайда илинип турат?

4) Кийим сала турган шкаф кайда турат?

5) Сен күнүгө эмне кыласың?

9-көнүгүү:Текстти окугула, которгула. Текст боюнча суроо түзгүлө. Асты сызылган сөздөрдүн жөндөмөлөрүн аныктагыла:

Тема: Менин үйүм. Боз үй - student2.ru Боз үй

Боз үй – кыргыз элинин кымбат баалуу, асыл архитектуралык буюму. Боз үй даяр бөлүктөрдөн турат. Боз үйдүн диаметри – беш метр, бийиктиги – төрт-сегиз метр болот. Боз үйдүн ортосунда коломто, ага казан асылат.

Тема: Менин үйүм. Боз үй - student2.ru Төргө ала кийиз, шырдак, көлдөлөң, төшөк сыяктуу буюмдар салынат. Боз үйдүн сол жагы эркек тарабы. Оң жагы – аял тарабы. Оң жагына чий тосулат, идиш аяк койюлат. Төргө туш кийизилинет. Улага – үйдүн кире бериши. Ага отун жыйылат.

Тема: Менин үйүм. Боз үй - student2.ru Тема: Менин үйүм. Боз үй - student2.ru

10-көнүгүү:Текстти окугула, этиштердин астын сызып, кайсы чакта экенин жазгыла:

Света менен Тимур конок бөлмөнү жыйнашты. Алар кечинде конок бөлмөнү жыйнашты. Алар кечинде конок күтүшөт. Света үстөлгө гүл койду, чаңды сүрттү, китептерди иреттеди. Тимур чаң соргуч менен бөлмөнү тазалап чыкты. Үйгө конок келет деп күтүп жатышат.

11-көнүгүү:Төмөнкү этиштерди жактагыла:

тазала аарчы жуу кой

Мен

Сен

Сиз

Ал

Биз

Силер

Сиздер

Алар

12-көнүгүү:Текстти окугула, которгула, сын атоочтордун астын сызгыла:

Бишкек

Бишкек шаары – Кыргызстандын борбору. Бишкек шаары эң кооз. Ал жашыл бак-дарактарга бөлөнгөн. Көчөлөр таза.

Шаарда ишканалар, жеке ишканалар көп. Ишканаларда миңдеген кишилер иштеп жатат.

Илим, маданият да өсүүдө. Шаарда көп сандаган театрлар, соода үйлөр, музейлер, мейманканалар, турак үйлөр салынып жатат. Акыркы убакытта Бишкек шаарында чет мамлекеттен келген көп буюмдар сатылып жатат.

Тема: Менин үйүм. Боз үй - student2.ru Тема: Менин үйүм. Боз үй - student2.ru



  ЖЕТИНЧИжана СЕГИЗИНЧИ САБАК СЕДЬМОЙ иВОСЬМОЙ УРОК   7–8

Тема: Унаа. Унаанын түрлөрү.

Наши рекомендации