Семирүүнүн мүнөздүү белгилеринин тобу.

Калкан сымал безинин гипофункциясынын

Мүнөздүү белгилеринин тобу

Бул көрүнүш калкан сымал безинин тиреоиддик гормондурунун жетишсиз секрециясы менен мүнөздөлөт.

Негизги себептери:

Калкан сымал безинин биринчилик (өзүнүн) жабыркашы (өзүнөн - өзү кичирейиши - идиопатикалык атрофия жана Хашимото тиреоидити), субтоталдык струмэктомия (богокту алып салуу) же тиреотоксикалык богокту радиоактивдүү йод менен дарылоо, йод, литий, кордарон каражаттары менен узакка созулган дарылоодогу дарылык жабыркоо, гипоталамус менен гипофиздин өзгөрүүлөрү (тиреолиберин жана тиреотроптук гормондун бөлүп чыгуусунун начарлашы).

Даттануулар

Үчүшчөөлүк, көп уктоо, угуусунун, кызыгуусунун, эске тутуусунун начарлашы, үндүн оройлонушу, жай жана кыйындык менен сүйлөө, ич катуу.

Кароо

Беттеги өзгөрүүлөр: мимикасы жай, бет кап кийип алган сымал, көркөм эмес, беттин терисинин бозомук саргайышы, шишиктүү, көздүн жылчыгынын ичкериши.

Тили жоонойот жана анын капталдарында тиштин издери көрүнөт.

Тери кубарган, кургак, түлөгөн, кармалаганда муздак, чач түшөт. Шыйрак шишиген, анын териси, мукополисахариддердин (муцинердин) топтолуусунун натыйжасында жоонойот, (микседема - былжыр шишик) жана бармак менен басууда из калбайт. Дененин температурасы төмөндөйт. Калкан сымал бези сыйпаланбайт.

Жүрөк жактагы өзгөөрүлөр - катнаштык туңгуйугунун чегинин кеңейиши, тоңдордун начарлашы, брадикардия.

Артерияык кан басым төмөндөйт, сейрек пульс.

Ичегилердин кыймылдык функциялары начарлайт. Борбордук нерв системасынын иштөөсүнүн бузулушу күчөйт: апатия, уйкусуроо (депрессия), рефлекстердин төмөндөшүү, парестезия.

Калкан сымал безинин тубаса гипофункциясында кем акылдуулук өрчүйт (гипотиреоиддик кретинизм).

Жыныстык системасынын функциясынын бузулушу: эркектерде либидонун начарлашы, айыздын бузулушу.

Лабораториялык жана инструменталдык изилдөө ыкмалары

Канда: жалпы жана бош тироксиндин (Т4) азайышы, тиреотроптук гормондун (ТТГ) көбөйүшү (биринчилик гипотиреоздо); ТТГ, Т34 гормондорун азайышы (экинчилик гипотиреоздо); гипохромдук аз кандуулук, гиперхолестеринемия, негизги зат алмашуу өзгөчө төмөндөйт.

ЭКГ: Р ургучунун QRS комплексинин, T урчугунун бийиктиги төмөндөйт, терс Т урчугу пайда болушу мүмкүн («коронардык» белгини элестетет); P-Q аралыгы узарат, электр огунун солго жылышы байкалат, көпчүлүк оорулууларда ST сегменти ылдайлайт көбүнчө синустук брадикардия пайда болот, сол карынчанын ашычка күч келүүсү же гипертрофиясынын электрокардиографиялык белгилери байкалат.

Тема: Бөйрөк үстүндөгү бездин жетишсиздигинин, семиздиктин, гипер жана гипогликемия мүнөздүү белгилеринин тобу менен ооруган оорулууларды сурамжылоо, физикалык, лабораториялык жана инструменталдык изилдөө ыкмалары

Бөйрөк үстүндөгү бездин жетишсиздигинин мүнөздүү белгилеринин тобу (гипокортицизм, Аддисон оорусу, коло оорусу) - бул бөйрөк үстүндөгү бездин кыртыш затынын гормоналдык кызматынын толук же толук эмес жетишсиздигинин патологиялык абалы.

Себептери

Кургак учук, амилоидоз (белок алмашуусунун бузулушу), гемохроматоз, бөйрөк үстүндөгү бездердин шишик оорусу (рак) же метастазы.

Даттануулар

Булчуңдук жана жалпы алсыздык, арыктоо, тез чарчоо, теринин карарышы, уйкунун бузулушу, баш оору, табиттин төмөндөшү, көңүл айлануу, кусуу, ичтин өтүүсү ичтин катуу менен алмашат, табиттин туздуу тамактарга тартуусу.

Кароо

Арыктаган, теринин карарышы (гиперпигментация) айрыча дененин бөлүктөрү (бет, алакан тырыктары, колдун манжаларынын сырткы бети), кийим менен көп сүрүлгөн бөлүктөрү (моюн, бел), операциядан кийинки тырыктар, эмчектин үрптөрү, ооздун, тилдин, эриндин былжыр чели ж.б. Тери күрөң - сары (колонун өңүндөй) түскөө ээ болот.

Пальпация: пульс тез, кичине, жумшак.

Аускультация: жүрөктүн тондору начарлайт.

Лабораториялык жана инструменталдык изилдөө ыкмалары

Канда: гипонатриемия, гипогликемия, гипохлоремия, гиперкалиемия, аз кандуулук, гипоальбуминемия, гиперглобулинемия, гипохолестеринемия.

Гомнодордун өзгөрүлүшү: АКТГ (адренокортикотроптук гормон) көбөйөт, кортизол азайат. Заарада: 17-ОКС, 17-КС заара менен бөлүнүп чыгышы азайат.

ЭКГ: урчуктардын вольтажы төмөндөйт, ST аралыгы изоэлектрдик сызыктан төмөн, Т урчугу терс жапыс же эки фазалуу болот, PQ аралыгы жана QRS топтому узарат.

Семирүүнүн мүнөздүү белгилеринин тобу.

Семирүү - бул май жана башка зат алмашуунун бузулушунун негизинде тери астындагы клетчаткада жана физиологиялык катмарлуу аймактарында майдын ашыкча чогулушу менен мүнөздөлгөн патологиялык абал.

Наши рекомендации