Жатын моюнчасынын эрозиясы
Бул оорунун пайда болуусуна стафилококк, стрептококк, ичеги таякчасы, энтерококк, ошондой эле жыныстык катнаш аркылуу жугуучу ар кандай оорулардын козгогучтары шарт түзөт. Мындан тышкары жатын
моюнчасынын пайда болушуна жана өсүүсүнө төрөт учурундагы айрылуулар жана аборт жасатып жатканда пайда болгон жаракат түрткү болот.
Оорунун белгилери: Бул оорунун алгачкы белгилери адамдын өзүнө билинбейт. Гинеколог аялды көзөмөлдөн өткөрүп жатканда гана капысынан билинип калат.
Венерикалык оорулар
Гонорея
Гонорея жугуштуу венерикалык оорулардын катарына кирет. Бул оору жыныстык жол аркылуу гонорея менен ооруган адамдан соо адамга жугуп, жыйынтыгында соо адамдын жатын моюнчасында оору пайда болот. Оору пайда болгон соң жыныс органынын былжыр чели сезгенет. Мындан тышкары гонорея оорусу пайдаланган төшөнчү, сүлгү жана мончодо колдонуучу жуугучтарды таза жуубай колдонуудан да жугат.
Оорунун белгилери:Жыныс органынан ириңдүү суюктук аз бөлүнүп, заара кылганда кычышат. Жатындын жана анын түтүкчөсүнүн былжыр чели сезгенгендиктен аялдын бели жана ичинин төмөн жагы ооруйт. Денеси ысыйт, этек кир цикли бузулат. Убагында дарыланбаса, гонококк микробу күчөп, жыйынтыгында өнөкөт түрүнө айланып, ал жатындан жатын түтүкчөлөрүнө өтүп, аны сезгентип, шишитип, түтүкчө бүтөлүп, тукумсуздукка алып келет. Эскерте кетсек, аталган илдетке каршы дарыланып жаткан болсоңуз, жыныстык катнашууга тыюу салынат.
Сифилис
Сифилис жугуштуу венерикалык ооруларга кирет. Ал теринин былжырлуу катмарын, ички органдарды, сөөктү жана нерв системаларын жабыркатат. Сифилисти козгоочулардын аты трепонема деп аталат. Ооруну жуктуруп алгандардын 95 пайызы - жыныстык жол аркылуу жугузгандар. Жатын кынына түшкөн трепонема жараны пайда кылат. Энеден балага түйүлдүк кезинде же төрөт учурунда, кээде эмчек эмизгенде жугушу мүмкүн. Мындан тышкары сифилис кан куйганда же кан берип донор болуп жаткан учурда жугуп калышы ыктымал.
Оорунун белгилери:Сифилисти жуктуруп алган адамдын алгач эле жыныстык органына жара чыгып, бездер сезгенип, жыйынтыгында ыйлаакчалар пайда болот.
Трипак
Трипак жугуштуу венерикалык оорулардын катарына кирет. Бул оору жыныстык жол аркылуу сактанбаган учурда жугат. Трипак оорусунун алгачкы белгилери оорулуудан соо адамга жуккандан 3 күндөн кийин байкала баштайт же байкалбай олтуруп өнөкөт ооруга өтүп кетет.
Оорунун белгилери:Оору пайда болгон соң жыныс органынын былжыр чели сезгенип ириңдей баштайт. Заара кылганда кычышып ооруксунтуу байкалат. Ооруну убагында дарылабаса, жанындагы башка органдарды дагы жабыркатат.
Эндометриоз
Эндометриоз – бул гинекологиялык ооруларынын эң кеңири таралган жана түшүнүксүз түрлөрүнүн бири. Акыркы убакытта көбүрөөк пайда болууда. Бирок аялдар көнүмүш адаттагыдай эле түшүнбөстүктө калышууда – алардан эмненин табылганы, аны эмне үчүн дарылоо керек жана бул абал кандай кооптуу экени.
Жакшыраак түшүнүү үчүн анатомияны бир азга талдап алуу керек.
Жатын көңдөйү ичинен эндометрий деп аталган былжырлуу чел менен капталган. Бул былжырлуу чел татаал структурада. Ал эки катмардан турат – биринчиси негизги түпкү, экинчиси функционалдуу. Функционалдуу катмар – бул айыз маалында ай сайын күч менен бөлүнүп чыгуучу былжырлуу челдин катмары (эгерде бойго бүткөн болсо, уруктанган энелик клетка дал ушул катмарга жабышат). Негизги түпкү катмар – бул ай сайын жаңы функционалдуу катмар өстүрүүчү катмар.
Ай сайын гормоналдуу өзгөрүүлөрдүн таасири менен жатындын ичинде эндометрий өсөт, эгерде бойго бүтө элек болсо – эндометрий кан аралашкан суюктук менен коштолуп, күч менен бөлүнүп чыгат. Мына ушул айыз (этек кир) деп аталат.
Дээрлик бардык аялдардын айыз суюктугу сыртка гана чыкпастан (жыныс кыны аркылуу), анын бир бөлүгү ошондой эле түтүктөр аркылуу ич көңдөйүнө түшөт. Ич көңдөйүнө түшкөн айыз суюктугу норма катары ич көңдөйүнүн атайы коргоочу клеткалары менен тез арада жок кылынат.
Бирок, айыз суюктугу ич көңдөйүнөн дайыма эле толугу менен тазаланып чыга бербейт. Күч менен бөлүнүп чыккан эндометрийдин бөлүкчөлөрү ар кандай ткандарга бекитилүү, аларга жабышуу жана калып калуу жөндөмдүүлүгүнө ээ.
Демек, эндометриоз – бул жатын көңдөйүнүн былжырлуу челинин (эндометрий) өзүнчө очок түрүндө жатын көңдөйүнүн ичине эмес, организмдин ар кайсы жерлерине – көбүнчө курсак челине жайгашуу оорусу. Эндометрийдин мындай фрагменттери (аларды эндометриоиддүү экспланттар деп да аташат) энелик бездеринде, түтүктөрдө, жатын байламталарында, ичегилерде жайгашуусу мүмкүн, жана ошондой эле ич көңдөйүнүн ичинен башка жерлерде калып калуусу да мүмкүн.
Эндометрийдин бул фрагменттери калып калгандан кийин, жатын көңдөйүндө жайгашып жашагандай жашап башташат, башкача айтканда, энелик безинин гормондорунун таасири астында экспланттар (очоктор) көлөмү боюнча чоңойушат, андан кийин алардын бир бөлүгү айыз мезгилинде күч менен бөлүнүп чыгат. Башкача айтканда, эндометриоз оорусу бар аялдын шартталган айызы гана эмес, бардык эндометриоз очокторундагы көптөгөн кичи айыздары дагы келет.
Бул кичи айыздар ич көңдөйүнүн өтө жакшы иннервацияланган курсак челинде болуп жаткандыктан, бул процесс учурунда оорулар пайда болот. Мына ошондуктан, эндометриоздун биринчи симптому болуп ичтин оорусу эсептелет.
Эндометриоздун очоктору ар кандай формада, көлөмдө жана түстө болот. Көбүнчө бул ак, кызыл, кара, күрөң, саргыч жана башка түстөгү, ар кайсы органдарга жана ткандарга чачыраган анча чоң эмес тыгыздануулар. Кээ бир учурларда бул очоктор кошулуп биригип, ткандарды инфильтрация кылышат, айрыкча көбүнесе бул жатындын артында анын байламталарында болот. Мунун тегерегинде эндометриоиддүү ткандын жетишээрлик чоң массалары пайда болот (мындай абал «ретроцервикалдуу эндометриоз» деп аталат).
Эгер эндометрийдин тканы энелик безге түшүп калган болсо, анда анын ичинде эндометриоиддүү кисталар пайда болушу мүмкүн, аларды «шоколаддуу кисталар» деп да аташат. Алар энелик безинин оң сапаттуу кисталары болуп саналат.
Корутунду
Аткарган иштин негизинде төмөнкү жыйынтыктарды чыгарса болот:
1. Гинекология оорулары — аял организминин анатомия-физиологиялык өзгөчөлүгүнө байланыштуу оорулар.
2. Жыныс органдарынын сезгениши эки түргө: экзогендик жана эндогендик болуп экиге бөлүнөт.
3. Вульвовагинит негизинен бой жеткен кыздарда кезигет да, аялдар мындай оорулар менен сейрек ооруйт.
4. Вагинизм – неврологиялык оору. Башкача айтканда, аялдын жыныс мүчөлөрүнүн булчуңдарынын патологиялык жыйрылып турушу.
5. Кондилома – аялдын жыныс органына чыгуучу сөөл өндүү залалсыз шишик оорусу.
6. Жыныстык жол аркылуу жуккан оорулардын ичинен эң көп тараган оорулардын бири - трихомониаз оорусу.
7. Гонорея жугуштуу венерикалык оорулардын катарына кирет. Бул оору жыныстык жол аркылуу гонорея менен ооруган адамдан соо адамга жугуп, жыйынтыгында соо адамдын жатын моюнчасында оору пайда болот.
8. Сифилис жугуштуу венерикалык ооруларга кирет. Ооруну жуктуруп алгандардын 95 пайызы - жыныстык жол аркылуу жугузгандар.
9. Трипак жугуштуу венерикалык оорулардын катарына кирет. Бул оору жыныстык жол аркылуу сактанбаган учурда жугат.
10. Эндометриоз – бул гинекологиялык ооруларынын эң кеңири таралган жана түшүнүксүз түрлөрүнүн бири. Акыркы убакытта көбүрөөк пайда болууда.
11. Окумуштуулардын изилдөөлөрү боюнча гинекология оорулары каары-жашына карабай аябай кенири таралып, өлүмгө алып барган учурлары көп болууда.
12. Окумуштуулар жаңы пайда болгон жугуштуу гинекология ооруларын аныкташты.
13. Биздин оюбуз бул оорулардан алыс болуп, гинекологдорго тез-тез көрүнүп, оорунун алдын алышыбыз керек.
Колдонулган адабияттар
1. Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы.
«Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991
2. http://ky.wikipedia.org
3. http://www.kabarordo.kg
4. http://onclinic.kg
5. http://super.kg