Жаңы пайда болгон жугуштуу оорулар изилдөө.

Жыл өткөн сайын жыныстык жол менен жугуучу оорулардын түрү, саны көбөйүп келе жатат. Жыныстык жол аркылуу жуккан жугуштуу оорулар венерикалык жана жаңы пайда болгон деп экиге бөлүнөт. Венерикалык ооруларга сифилис, гонорея, жана трипак кирсе, ал эми жаңы пайда болгон жугуштуу ооруларды хламидиоз, микоплазмоз, уреаплазмоз, бактериалдык вагиноз, трихомониаз, кандидоз, гениталдык герпес, вирустуу папиллома толуктайт. Учурда жыныстык жактан пайда болгон кээ бир жугуштуу оорулардын алгачкы белгилери жок болгондуктан дарыгерлер өтүшүп кеткен учурда кайрылып жатканын айтып коңгуроо кагып келет.

Теманы изилдөөдө төмөнкү максаттар коюлган:

1. Гинекологиялык оорулар тууралуу маалыматтар.

2. Аялдардын жыныс органдарынын сезгеништери.

Жаңы пайда болгон жугуштуу оорулар изилдөө.

Рефераттын биринчи бөлүгүндө гинекологиялык оорулар тууралуу, экинчи бөлүгүндө аялдардын жыныс органдарынын сезгеништери тууралуу, ал эми үчүнчү бөлүгүндө жаңы пайда болгон жугуштуу оорулар тууралуу жазылган.

Изилдөөнүн предмети: гинекологиялык оорулар

Изилдөөнүн обьекти: адам

Гинекология оорулары — аял организминин анатомия-физиологиялык өзгөчөлүгүнө байланыштуу оорулар. Гинекология ооруларына инфекция, травма, уулануу,химиялык заттардын жана ысыктын таасири, этек кирдин нейрогумордук бузулушу, шишиктин пайда болушу, жыныс органынын туура эмес жайгашышы же кемтиги себеп болот. Жыныс органынын оорусу аялдын бүт организмине таасир берет. Көбүнчө 20дан 50гө чейинки аялдарда сезгенүү оорулары (жатын кынынын — кольпит, жатындын — эндометрит, жатын түтүгүнүн — сальпингит) көп кезигет.

Дени соо аялдын жатын кынында ар кандай микроорганизмдер болот. Алар демейде эч кандай зыян келтирбейт. Көпчүлүк учурда сезгенүү ооруларын стрептококк,гонококк (Сүзөк, Котон жара), трихомонада (Трихомоноз), ичеги жана туберкулёз таякчасы жана башка козгойт.

Гинекология ошондой кээде жалпы организмдин жугуштуу ооруларынын (грипп, ангина, келте ж. б.) микробдору кан жана лимфа аркылуу тараганда да болушу мүмкүн. Сезгенүү оорулары өз убагында, туура дарылаганда толук айыгат. Кээ бир учурда жыныс органынын тканы өзгөрүлүп, оору өнөкөткө айланат. Ички жыныс органынын сезгенүү оорулары көпкө созулуп, кайра-кайра кармаса, тукумсуздукка алып келет жана этек кир кайталанмасы бузулат.

Этек кир кайталанма бузулушу менен мүнөздөлүүчү оорулар гинекология ооруларынын өзгөчө тобун түзөт. Бул жыныс аппаратындагы ар кандай оорулар же аялдын жалпы организмине байланыштуу болот. Мындай учурда этек кир токтойт (аменорея), өтө көп (гиперменорея) же аз келет (гипомонорея) же этек кир бат-бат келет же кечигет. Этек кир кайталанмасы бузулганда жатындан кан агуусу мүмкүн.

Жыныс органдардын зыянсыз жана зыяндуу шишиктери (көбүнчө климакс мезгилинде болот) пайда болгон жерине жараша айырмаланат. СССРде гинекология ошондой менен ооруган аял диспансердик каттоого алынып, врач-гинекологдун көзөмөлүндө болот. Дарылоо аялдар консультациясында жана гинекология ооруканада. Ири ишканаларда акушер-гинеколия кабинеттерде жүргүзүлөт. Айыл жеринде оорукананын врачы жана акушер-фельдшер райондун акушер-гинекологунун жетекчиси менен жардам көрсөтүшөт. Гинекология ооруларырын гинекология изилдейт.


Аялдардын жыныс органдарынын сезгениши

Жыныс органдарынын сезгениши эки түргө: экзогендик (сырткы) жана эндогендик (ички) болуп экиге бөлүнөт.

Экзогендик түрү

Оорунун бул түрүн инфекциялык оорулар, бактериялар, вирустар, уулуу заттар (токсиндер), оору козгоочу паразиттер (башка жандын эсебинен тамактануучу жандык) козгойт. Мындан тышкары урунуу, жыгылуужана башка себептердин натыйжасында да келип чыгат. Бул түргө вульвит, вульвовагинит, кольпит, вагинизм, кондилома оорулары кирет.

Эндогендик түрү

Ал эми аялдардын жыныс органдарынын эндогендик сезгенишине тромбоз, ткандардын некроз (ткандардын өлүп, чириши) оорусу, кан куюлуу, кан агуу жеткирет. Анан дагы көбүнчө миома, кистома ооруларынын негизинде келип чыгышы да толук мүмкүн. Бул темада кийинчерээк кенен сөз кылмакчыбыз.

Вульвовагинит

Негизинен бой жеткен кыздарда кезигет да, аялдар мындай оорулар менен сейрек ооруйт. Кызамык, скарлатина, дифтерия, диатез, мурун көңдөйү оорулары: тонзилит, гайморит, грипп менен ооруган 3-8 жаштагы кыздарда да кезигет.

Ооруну ичеги таякчалары, гельминтоз ( острица), экссудативдүү диатез шарттайт. Мындан тышкары жыныс кынына бир нерселердин кирип кетиши да ооруну жаратат.

Белгилери: такым кычышып, ириң, алтургай, кан аралашкан суюктук бөлүнүп чыга баштайт.

Кольпит

Бул ооруну аялдардын денсоолугунун начарлашы, эрте келген климакс, тамак-аштын, өзгөчө витаминдердин жетишсиздиги, анан организмдин картаюу процесси шарттайт.

Негизги белгилери: жыныс органдары дүү­лүгүп, кычышат. Ичтин киндиктен төмөн бөлүгү салмактанып ооруйт, ириң сыяктуу суюктук агат. Жаш өткөн куракта кандидамикоздун негизинде пайда болгон кольпит оорулары кездешет. Бул ооруга негизинен ич келте, туберкулёз оорулары алып келет. Кээде онкологиялык оорулардан айыгуу үчүн узак убакыт дарыланган аялдарда кездешет.

Вагинизм оорусу

Вагинизм – неврологиялык оору. Башкача айтканда, аялдын жыныс мүчөлөрүнүн булчуңдарынын патологиялык жыйрылып турушу. Мындай оору менен ооруган аялдар менен жыныстык катышуу мүмкүн эмес. Себеби, аялдын жыныс булчуңдары менен курсак булчуңдарынын убактылуу же узакка карышып калуусу күтүлөт. Ушундан улам эркектин жыныс мүчөсү аялдын кынынан чыкпай калат.

Вагинизмге жыныс органдарынын патологиялык оорусунан азап тарткандар, жыныстык катнаштан дайыма канааттануу албагандар, жыныстык катнашта дайыма болбогондор чалдыгышат. Мындан тышкары зордукка кабылуудан улам коркуп калган аялдар учурайт.

Наши рекомендации